Таласта ок атуучу куралдарды жана жарылуучу заттарды жарандар өз ыктыяры менен тапшырышты

Жарандар тарабынан өз ыктыярлары менен ички иштер органдарына 5,45 мм калибриндеги 22 даана, 3,8 мм калибриндеги 31 даана ок жана 2 даана жарылуучу зат тапшырылды. Муну 3-март күнү Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бакай-Ата районунун 44 жаштагы тургунунун сарайынан мыйзамсыз сакталып келген 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал 24 даана гильзасы жана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган. Ошондой эле Кара-Буура районундагы Кара-Сай айылынын 23 жаштагы тургунунун үйүнөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын 1 даана огу табылган.

Учурда аталган фактылар боюнча тиешелүү иликтөөлөр дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан