Муунтулуп өлтүрүлгөн 7 жашар баланын апасы анын өлүмүнө шектелип жаткан аялды сот залынан жулмалоого аракет кылды (фото)

Бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча биринчи соттук кароо өттү. Күбөлөр суракка алынып, эки тараптын көрсөтмөлөрү угулгандан кийин ишти карап жаткан судья ишти 29-мартка жылдырды. Андан соң сот жабык деп жарыяланып, соттун катышуучулары сыртка чыгарылып жаткан учурда темир тордун ичинде отурган айыпталуучу Майрам Акуновага Даниэлдин апасы Астра Макелеева жулкунуп, жулмалоого аракет кылды. Андан сырткары Даниэлдин туугандары да ага карата ачуу сөздөрдү айтышты.

Айыпталуучу аларга: "Балаңарды өлтүргөндү башка жактан издегиле, мен өлтүргөн жокмун. Мен актанып бере алам",- деп кыйкырды.

Кылмышка шектүү буга чейин 1999, 2002, 2013-жылдары соттолгондугун айтты. Андан сырткары өзүнүн 7 жаштагы баласы бар экенин билдирди.

2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү да аныкталган.

1-класстын окуучусу Даниэлдин өлүмү боюнча күбөлөр сотто көрсөтмө беришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Stervamyn
2016-03-03 11:10:19
Жон коюшпаптыр да,апасы уруп кичине бугун чыгарып алмак.
+29
STAN_KG
2016-03-03 12:17:36
Stervamyn, Бул жерде сырдуу дагы бирөөлөр катышкан өңдүү, мен өлтүргөн жокмун, аны башка жактан издегиле дегенинде бир нерсе бар!
-2
begai93
2016-03-03 17:19:57
STAN_KG,кандай сырдуу болушу мумкун?! Мен олтурбодум деп актанып койо берет да эмне анан уунчукпай турсунбу бети жок акмак мурун 3жолу соттолуп журуп конуп калгандайго. Кудайым жазааны берсин акмак! Жаш баланын арбагы уктатпасын! Желмогуз!!!
0
89elnura89
2016-03-03 14:21:14
Stervamyn,Ушундай аял да энеби.Аялдарга боорекер, назиктик,намыстуулук таандык болчу.А просто жырткыч,мыкачы,ведма аял эмес.Байкуш олгон баланын энесин жулмалоого аракет кылганын тушунсо болот.
+3
Shpionka
2016-03-03 11:21:35
Тепкилетип койушса болмок ошо аялды эсии оогончо
+16
briliant87
2016-03-03 11:41:29
ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2016-03-03 12:39:25
briliant87 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
al-abu-kinesz
2016-03-03 11:43:52
Эмнеге эле жылдыра беришет ушу соттор? Оздору учун да "сотту серьезный себепсиз жылдыруу" статьясын киргизиш керек! айыпталуучунун тиши ооруп калса же кошунасынын ити олуп калса деле жылдыра беришет. Анан кайдагы адилет? Тем более айыпталуучу рецидивист экен..
+16
warsaw.
2016-03-03 12:05:20
al-abu-kinesz,секииин шашпаай кааласа соттоп кааласа жылдырып үйрөнүп калышканда биздин соттор,же айтуан акчасын таап бере албай калганда дагы 1 ай коюптар сот таап берем айткан акчаңы деген сөздөр болот да
+18
akzuura
2016-03-03 15:27:24
al-abu-kinesz,соттордун чөнтөгү толмойунча жылдыра берет)кимиси көп берсе 8 жылдыкты 2 айга камайт дагы нараазыбыз десе кайра чөнтөгүн ачат(
+3
sabyr86
2016-03-03 14:07:50
Жылдырганын себеби акча да,мынча берсең мынча жылга кесем деп соодалшышат,тигиниси акча таппай атам күтө туруңуз дейт сот аке мейли деп жылдырып койот.
+13
sabyr86
2016-03-03 14:16:24
Жылдыра берип,Соту болгондон кийин,сот болгонго чейинки отурган күнү,2күнгө эсептелет ошолорду эсептеп болбогон жылга кесип коюшпаса эле.
+4
BekAmir
2016-03-03 14:24:04
ХХХ ХХХ ХХХ элдин козунчо.
+1
admin_portal
2016-03-03 15:03:56
BekAmir - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
civic93
2016-03-03 14:31:30
Откондо эле кантип олтургонун айтып жатпады беле, бугун эми башка жактан издегиле деп калыптыр
+3
karona12
2016-03-03 17:30:01
Мен өлтүргөн эмесмин деп сөзү өзгөрүп калыптыр,соту болсо жылыптыр демек акча ойнойт дагы.
+2
karona12
2016-03-03 17:34:05
Тергөө да жакшы тергелбеген,бул аял Сузактан болбойт.Тогуз Тородо Молотов деген айылдан болот.атасы каза болуп калган,апасы,бир туугандары бар.7жашта кызы бар бирок ушул тапта дайынсыз.
+3
Jadyrashka
2016-03-03 21:26:23
Байкуш эне. Апасы эмес мен да жулмалагым келди((((
+1
stervella415
2016-05-24 01:56:18
Омут бою еркинен ажыратса болмок екен,картин журогу чыдап олтурду кополокту:(
0
stervella415
2016-05-24 01:58:11
Бул аялды как уйдун алдына елдин ортосуна коюш керек еле,ит жулмалагандай жулмалайт електа,курсакын кескенде глуп калса деле болмок,мындайларды кудай да албайтда,мындайлар елге да жерге да батпайт акмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан