Кичинекей париждик кыз күчүгү менен интернетте популярдуу болууда

Учурда интернет популярдуу болуунун бир түрүнө айланган. Социалдык тармактар аркылуу миңдеген досторду чогултуп, белгилүү болуп жаткан сүрөттөгү сүйкүмдүү кыздын аты - Филон. Ал Франциянын Париж шаарында ата-энеси менен жашайт. Атасы - француз, энеси - корей элинин кызы. Экөө тең керамика сүрөтчүсү болуп иштешет.

Ата-энеси жумуштан бошобогондуктан, Филон убактысынын көбүн сиба-ину (ред. Японияда эң көп тараган аңчы ит породасы) породасындагы Помпон аттуу досу менен өткөрөт. Филон менен Помпон ажырашкыс достордон. Алар дайыма чогуу көңүл ачышат, ойношот, бирге уктап, китеп окуп, жадакалса Жаңы жылдагы балатыны чогуу кооздошот. Булардын жашоосундагы кызыктуу учурларды ата-энеси текке кетирбей сүрөткө тартып, социалдык тармактарга жүктөп турушат. Учурда Филондун Инстаграмдагы баракчасына катталгандардын саны 70 миңден ашкан.

Жагымдуу маанай тартуулаган мыкты достордун сүрөт топтому назарыңыздарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
zoichka
2016-03-03 14:18:52
Татына го
+2
radyakiz
2016-03-03 14:19:39
Сонун экен
+2
civic93
2016-03-03 14:33:54
Кандай сонун
+1
diaz
2016-03-03 14:42:10
Хатикокого окшош итко
+3
nari94germanya
2016-03-03 14:44:14
Oi byny koryp men ozymdyn itimdi sagynyp kettim))baikysh ar daiym menin okyydan kelerde kytyp alchy, azyrda kytyp jatkandyr meni alysta ekendigimi bilbei (((((
+1
aiba.
2016-03-03 14:45:41
хатико окшойт ити
+2
MUSTANG
2016-03-03 15:44:12
Кандай суйкудуу экоо тен
0
Munar8625
2016-03-03 16:02:57
Кайактагы ит менен кызга комплимент айтпай башка иш кылгылачы.
-5
Inna_91
2016-03-03 16:32:11
Иттерден эхиноккок курту жугат этият болгула
-5
aiba_00
2016-03-03 17:07:31
Экоо тен фотогеничный экен.
+2
imanchik
2016-03-03 23:26:30
Иттин пародасы хаски))
-2
Abdyrashit.Satylganov
2016-03-05 23:01:56
imanchik,Хаски деген иттин породасы жок. Шиба ину деп аталат. Super.kg Сиба ину деп орусчасынан алган окшойт. Орус тилинде Джеки чан дегендей эле.Сиба ину деп айтылат. Породанын аталышы Шиба-ину
0
ss90
2016-03-03 23:34:05
Татынашкалар экен)))
0
Elusha88
2016-03-04 03:27:54
Ииий ий, ушунчалыкда жагымдуу, суйкумдуу болушабы.Коз тийбесин .Ото жагымдуу ширин кыз экен, ити дагы сулуу экен.Кыздын кийингенин шипширин болуп
0
Aisanat
2016-03-04 14:59:16
ata enesinin ubaktysy shok dep kojup kechke internetka surot kojuu menen alek eken go.
0
Shuuldakkyz
2016-03-10 15:37:57
Чыын, хатикого окшошуп кетет экен))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан