Нарын облусунун тургуну 9-класста окуган кызы кош бойлуу экенин айтып милицияга кайрылды. Аны зордуктоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

Нарын облусунда 9-класстын окуучусун зордуктоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. 3-мартта Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, 27-февраль күнү Нарын облусунун Ак-Кудук айылынын тургуну милицияга кайрылып, 9-класста окуган Т.Б. аттуу кызын белгисиз адам күч колдонуу менен зордуктап кеткендигин айткан. Зордуктоого шектүү катары ошол эле айылдын 24 жаштагы тургуну Б.Ы. кармалды. Кыздын канча айлык боюнда бар экенин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Ал эми Б.Ы. 2015-жылдын июль айында кызды үйүнөн чакырып чыгып, күч колдонуу менен зордуктагандыгы белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Азыркы тапта кылмышка шектүү жаран эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
potriot.kg
2016-03-03 12:29:14
Емнеге бошотулду? Зордуктаса камаш керекго. Же зортукталбай еле екобунун калоосу менен болгон окшойт.
+10
Arslan12
2016-03-03 12:30:26
9ай болгончо журо бериштиби
+2
Aidanek
2016-03-03 12:43:47
Arslan12,эми аныкталат канча ай болгону.Кыз 9-класста окуйт.
+6
cholponka91
2016-03-03 16:24:29
Arslan12,9 ай эмес экен 9 класстын окуучусу болчу дейт
+2
Arslan12
2016-03-03 12:33:00
Буларга жумуш жок да, бошотуп издеп журо бергиле анан
+12
a.m.akmoldoev
2016-03-03 13:56:02
ушундай иштерден АЛЛАХЫМ озу сактасын.
+4
josholu
2016-03-03 13:57:01
8айдан бери айтпаган кандай кыз болду экен
-1
89elnura89
2016-03-03 14:11:30
Чакырсале чыга береби кыз деген озуно сак болуш керек.Оозу мурдун танып салбаса керекле ордундале кыйкырса бироо жарым укмак.
+1
lolo.1
2016-03-03 14:35:01
Отуруп алып ар турлуу коментарий жаза беребиз.бир кудай билет анан тиги эки жаш билет зордуктадыбы же эконун макулдугу менен болгонбу. Кантсе жаш кызга убал болуптур,бактылуу болуп калышсын эми (кош бол алтын балалык!)
+5
Inna_91
2016-03-03 16:42:36
Гап жок
-4
AKCAHAT
2016-03-03 23:25:02
Менимче экоосунун макулдугу мн эле болгон азыркынын балдары кичине баладай эмес тим эле ойсондоп турушат. Ата энеси эле паника кылып полиске кайрылган . Уйунон белгисиз жаран чакырса чыга береби? Таанышы да эмес белгисиз бироо болсо дагы
0
pixel2015
2016-03-04 01:05:41
Нарындык мал ашкандай ашпагыла ансыз деле силер интернет звезда болуп атасынар
0
masha89
2016-03-05 20:26:49
pixel2015, Нарындык дебениз!
0
kochkor.siti
2016-03-05 22:22:15
pixel2015,кой андай дебе жигит
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан