Кыргыз мамлекетинен Ооганстанга 36 килограммдан ашуун баңгизатты алып өтүүгө аракет кылган тажик жарандары кармалышты (фото)

Баткен облусунан 36 килограмм 300 грамм баңгизаты менен Тажикстандын жарандары кармалышты. Бул тууралуу 3-март күнү Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 2016-жылдын 1-мартында Баткен облусунун Жаштык айылында Опель Вектра унаасы токтотулган. Унаа 49 жаштагы Тажикстандын ИИМ кызматкери И.М. аттуу жаранга тийиштүү болгону жана унаанын ичинде Дүйшөмбү шаарынын 45 жаштагы О.М. аттуу тургуну бар экени айтылган. Унааны текшерүү маалында 4 миллион сомдон ашуун акча каражатын түзгөн 36 килограмм 300 грамм гашиш заты табылган. Кармалгандар бул баңгизатты Ооганстанга чыгарып кетүүнү көздөшкөн. Факт боюнча "мыйзамсыз түрдө баңгизатты даярдоо, сактоо, таркатуу жана аны сатууга даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Gulya21
2016-03-03 16:48:10
Эмнеге жузун жашырасынар барибир тааныбайбызго же таанып алат деп жашырып койдунарбы
+3
Sobr777
2016-03-03 17:20:18
Gulya21,бул жерде башка саясат бар.
+1
pyeon hwa
2016-03-03 16:52:30
Кытай болгондо дароо олум жазасына тарттмак
биздикилек канча жылга соттойт болду экен
+3
warsaw.
2016-03-03 17:14:01
pyeon hwa,биздикилер соттобойт акча алышат.
+6
eduardali
2016-03-03 17:56:43
Биздикилер буларды эртен эле бошотуп жиберет да акчасын алып. Ошон үчүн жүзүн жашырат биздикилер.
+1
jonl86
2016-03-03 21:22:22
Кытайлар болгондо сразу атууга жибермек .
0
jibew
2016-03-03 22:33:08
тескерисинче ооганстандан кыргызстанга алып отуп кармалышкан эмеспи? Себеби банги затынын мекени Ооганстан, Таджикистан го.
0
ruslankg
2016-03-03 22:33:33
Кытайда болгондо эки жолу олум жазасын бермек
0
ruslankg
2016-03-03 22:37:33
Бизде акчасын жакшы берсе коштоп барып самолетко салып жетчу жерине жеткенде ооииййй качып кетиптир деп жаш бала алдагансып койушат
0
Nazikbaigazy
2016-03-04 02:33:26
Биздикилерде да олум жазасына тартыш керек
0
Elusha88
2016-03-04 03:33:56
Жонокой адам мынчалык коп алып отуудон коркот, журоктору тоодой экен.Крышалары бошотуп чыгарып койушат, берчусун берет,1 кг.дын эле акчасын берсе жолду ачып бошотуп койушат.
0
Elusha88
2016-03-04 03:35:20
Ото окунучтуу бизде Мыйзам иштебегени.Акчан барбы мыйзам жок, адилеттуулук жок.Акчан жокпу, анда сен куноолусун.
0
SherhaN
2016-03-04 08:58:35
ото сонун дагы да мындай каналдардын далайын жабыш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан