СССРдин жана Орусиянын белгилүү актрисасы Наталья Крачковская каза болду

Бүгүн, 3-март күнү эртең менен Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Наталья Крачковская 78 жашында каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдиришти.

Маалым болгондой, өтүп кеткен жуманын аягында Крачковскаянын жүрөгү ооруп Биринчи Градск ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 2-март күнү актрисанын абалы оорлоп, дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Айта кетсек, Крачковская 1938-жылы 24-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Ал 1955-жылдан баштап киного тартыла баштаган. Өзүнүн 40 жылдык кинокарьерасында 90дон ашык фильмге тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sirgak_92
2016-03-03 14:42:48
И тебя вылечит и меня вылечит деп .......
+1
Kroxa
2016-03-04 04:20:12
Пусть земля будеть пухом ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан