Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2016-жылга карата бюджетти бекитишти. Ага ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасына 35 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 3-мартта билдирди.
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе көп. Бюджеттин мындай чукул өсүүсү төмөнкү муктаждык менен түшүндүрүлөт: таштанды полигондорун камсыздоо, шаардын борбордук бөлүктөрүн гана эмес, башка короо аймактарын да тазалоо үчүн кошумча адам ресурстары менен камсыз кылуу, шаардын түштүк-чыгыш жана батыш аймагын тазалоо, шаарда вирустарды жайылтпоо жана тазалыкты көзөмөлгө алууну колдоо.
"Тазалык" ишканасынын башчысы Талантбек Капаровдун айтымында, ишкананын бюджетин көбөйтүү калктын муктаждыгынан улам келип чыккан. "2015-жылы биздин жумуш боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Анда шаар тургундарынан бир топ эскертүүлөр, сунуштар түшкөн. Алардын баарын 2016-жылдагы шаардын бюджетин түзүүдө эске алып, жашоочулардын сунушун ишке ашыруу үчүн каражат бөлдүк",- дейт Талантбек Капаров.
Эми бул жылдагы 12 ай ичинде "Тазалык" муниципалдык ишканасы каралбай келген аймактарды да тазалоого милдеттүү болот. Бул үчүн шаардык бюджеттин эсебинен ишканадагы жумушчулардын саны 74 кызматкерге көбөйөт.