Бишкектеги №4-төрөт үйүндө 29-февралда 35 жаштагы Айзада Османалиева үч эм төрөдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 3-мартта 2-акушердик бөлүмдүн жетекчиси Чынара Бектурсунова билдирди. Анын айтымында, төрөлгөн үч эмдин баары кыздар.
“Осмоналиева 3 кызды операция жолу менен төрөдү. Учурда эне жана ымыркайлар төрөт үйүндө. Наристелердин абалы туруктуу, алар жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Ал эми апасы операциядан кийин калыбына келип жатат. Биринчи төрөлгөн кыздын салмагы 2 килограмм 570 грамм, бою 46 сантиметр, экинчисиники 2 килограмм 60 грамм, бою 42 сантиметр, үчүнчүсүнүкү 2 килограмм 425 грамм, бою 45 сантиметр.
Айзада айымдын булардан башка 4 уулу бар”,- деди дарыгер.