23-мартта республиканын айрым аймактарында жаан-чачын болушу күтүлөт. Тоолуу аймактардагы унаа жолдору тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +10...+15 °C, түнкүсүн +2...+7 °C
Талас облусунда күндүз +10...+15 °C, түнкүсүн +0...+5 °C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +12...+17 °C, түнкүсүн +3...+8 °C
Баткен облусунда күндүз +10...+15 °C, түнкүсүн +2...+7 °C
Ысык-Көл облусунда күндүз +6...+11 °C, түнкүсүн -4...+1 °C
Нарын облусунда күндүз +8...+13 °C, түнкүсүн 0...-5 °C
Бишкек шаарында күндүз +12...+14 °C, түнкүсүн +4...+6 °C
Борбор шаарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн.