Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн окутуулары кыргыз жарандарын кооптондурууда. Бул тууралуу WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
"Кадамжай районунун Кайтпас айылы менен Өзбекстандын чек арасында коңшу өлкөнүн тик учактары жана аскердик танктары жүрөт. Эл андан кооптонуп жатат. "Биздин өлкө эмнеге коопсуздугубузду карабайт? Бийликтегилер эмнеге бизге көңүл бурбайт?" деп жатышат. Биздин аскерлердин ал жөнүндө эч кандай кабары жок. Сурап кайрылсак, "өзбек тарапта окутуу болуп жатса керек" деп жооп беришти. Бир күндө 3-4 жолу өзбек тараптын учактары, танктары, аскерлери айылга жакын жерден өтүп турат экен. Айыл тургундары бир жумадан бери ушундай абал болуп жатканын айтышты",- дейт окурман.
Эскерте кетсек, Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде тактикалык окутууларды жүргүзүп жатканын Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттар бөлүмү билдирген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.