Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө таза суу үчүн бөлүнгөн акча башка муктаждыктарды чечүүгө берилип калган. Бул тууралуу окурман бүгүн, 3-мартта WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Нарын районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө алтын кенди иштеткен кытайлык компания тарабынан 2 миллион сом таза суу үчүн бөлүнгөн. Ошол таза сууга бөлүнгөн акчаны айыл өкмөт башчысы Ж.Өмүралиев таза суу үчүн пайдаланбастан, башка муктаждыктар үчүн берип салган. Акча 2015-жылдын жаз айларында бөлүнгөн, ушул күнгө чейин суу чыгарууга аракеттер жасалган эмес. Бүгүн бул маселе тууралуу чогулуш болду. Ал чогулушка айыл өкмөт башчысы, айыл башы жана жергиликтүү депутаттар катышышты. Чогулуштун акырында 2 миллион сомдон 700 миң сомдой калганы белгилүү болду, ал акча 3 айылга бөлүнүп берилмекчи. Ошентип, таза суусуз калдык",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.