Бишкекте "коомдук тартипти бузуп, тапанча менен коркуткан" деген шек менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Р. аттуу жаран кайрылган. Ал саат 15:30 чамасында борбордогу Абай көчөсүндө жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүнүн короосунан Майыптар коомунун мүчөсү уят сөздөр менен сөгүп, травматикалык тапанча менен коркутуп, асманга атканын билдирген.
Бул факт боюнча Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан А.И. аттуу жаран кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.