"Мектеп окуучуларын бир стакан сүт жана бир токоч менен тамактандыруу учурдун талабына толук жооп бербейт". Мындай билдирүүнү бүгүн, 22-мартта вице-премьер-министр Камила Талиева БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында өткөн башталгыч класстардын окуучуларын тамак-аш менен камсыздоо боюнча өткөн конференцияда айтты. Талиеванын айтымында, акыркы 7 жылдын ичинде өлкөбүздө башталгыч класстардын окуучуларына тамак берүүгө бюджеттен бөлүнүп келген каражат максатсыз жумшалып, мамлекеттик бюджетти чыгымга учуратууда. “Мектепте окуучуларды тамак-аш менен камсыздоо баланын билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондуктан өлкөбүздүн бюджеттик тартыштыгына карабастан, балдардын ден соолугун чыңдоо менен катар татыктуу билим алуусуна шарт түзүү, мамлекеттин милдети”-, деди Талиева.