Өзгөчө желекти сатуу боюнча аукционго 120 депутат, 60 жеке ишкер чакырылган, келгендердин саны 2-3төн ашкан жок

Бүгүн, 3-мартта - КРнын Мамлекеттик туу күнүнө карата Бишкекте өзгөчө чеберчилик менен жасалган мамлекеттик желек аукционго коюлду. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн аукционго 120 депутат, коомдук ишмерлер, жеке ишкерлер чакырылышкан. Тилекке каршы, желек сатып алууга келгендердин саны 2-3тү гана түздү.

Бул көрүнүштөн улам желек жасаган жаштар жана аукциондун уюштуруучуларынан алардын эмнелерди күтүп жатканын, ойлорун билдик. "Чакыруу көп адамга жеткирилген, бирок Желек күнү жалпы мекендештерибизге тиешелүү болгон соң көңүл буруп, аукционго катышпаса да күбө болуп кетишсе жакшы болмок",- дейт уюштуруучу Алмаз Кулматов.

Ал эми эмгекти жаратуучулардын бири Айгерим Жумалиева буларга токтолду: "Менин оюмча, максатыбызга кичине болсо да жеттик. Биз бул эмгекти жасаган соң социалдык тармактарда желек тууралуу көбүрөөк сөз козголуп жатат. Биз элдин көңүлүн бура алдык деп айта алам. Аукционго чакырылгандардын келбей калганы өкүнүчтүү болду. Чындыгында, үмүт кылып, колдоого алышат деп ойлогонбуз" .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Xanif.Kg
2016-03-03 17:40:18
Эми аркимдин оз каалоосуда, келгиси келсе келет, болбосо жок. Аларга капа болуштун кереги жок, себеби эч кимди кызыктырбагандыр. Кызыкпаса зордоп келтирмек беленер...
0
ss90
2016-03-03 17:52:48
ошондо желекти эч ким сатып алган жокпу???
0
admin_portal
2016-03-03 18:04:37
ss90, саламатсызбы! Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, толук маалымат ала аласыз:
http://www.super.kg/kabar/news/140345/
0
kirgizstan
2016-03-03 18:05:22
ss90,сатып алды 75мин сомго деп окудум адашпасам. Окуп корсон ушул жанылыктардан алдын чыккан
0
cholpontolgongylyn
2016-03-03 18:03:56
Xanif.Kg Сиз да ошолордун бири окшойсуз.Дуйнодо мындай ыкма менен жасалган портрет озу чамда кезиксе,анан дагы мамлекетибиздин желегин озгочо ыкмада тартып жаштар чакырып атышса барбай коюшка кантип беттери чыдады экен.Кыргызстанда болсом аукционго катышпасам да коргону бармакмын.120кой дегенге чычалабагыла анда
-4
Birinchi
2016-03-04 01:04:54
cholpontolgongylyn, Келгиси келбегендерге эмне жалыныш керекпи? Келбесе келбейт деп эле жазыптырго.
0
Adiyu
2016-03-03 18:11:04
Туугандар азыр сакмаал маалы да, колдору бошобой жатат да 120нын
0
maks83
2016-03-03 19:00:54
андан коро карапайым элди чакырып баштапкы бааны 10мин сомдон баштаса 80мин сомго жон эле отмок и анан кызыктуу болмок.
+2
modem4999
2016-03-03 19:51:16
Салымбековго рахмат айткан бир киши жок экен ,бироону шыбатып эле койсо.
0
Stervamyn
2016-03-03 20:54:06
Бесплатный бир нерсе болсо барышмак ошол депутаттар,баарып элеп калайлы,бекер ала калайлы дешип,только так оз чонтогун ойлошот да,лишний акча чыгарбай
0
jonl86
2016-03-03 21:28:16
120 кой айдап келиш керек
0
Nurbolot_KG
2016-03-03 22:24:08
Админ ошондо канчага сатылды
0
admin_portal
2016-03-04 11:29:17
Nurbolot_KG, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/kabar/news/140345/
0
altunbek78
2016-03-03 23:21:33
Окунучтуу мындай нерсе жасаш ар бир эле адамдын колунан келе бербейт, жаштар биздин келечек деп коюшат, жасагандар аябай нааразы болгон болуш керек, 2-3 деп коюптур ал депутат эмес жардамчы же ишкелерден болсо керек. Бул эмгек жонокой коргозмо эмес, бул мамлекеттин желеги биздин КРди дуйно элине тааныткан желек, буга азыркы депутаттардын кайсы акыл мээси жетти дейсинер. Ким эмгек кылып ошол тууга жардам кылган болсонор, колунарга береке ишинерге ийгилик, ден соолук , кен келечек кудай жолунарды ачып Кыргы
0
Tenirova
2016-03-03 23:34:46
Аларды 1, 2 жылкыны союп жегени келгиле деп чакыруу керек эле
+1
Nazikbaigazy
2016-03-04 02:37:33
ХХХ ХХХ ХХХ... жугуруп жетип барышмак, жаштарды колдой албасанар неге отурасынар былчыйып
0
admin_portal
2016-03-04 11:28:31
Nazikbaigazy - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
Asanovna1805
2016-03-04 11:48:16
Шайлоо алдында болсо баары жетип бармак
0
dedadilet
2016-03-04 16:14:05
Шайлоого барбасак баары кетет эледа
0
RASTAMAN
2016-03-07 14:01:09
Mongulordu jok kylyp jatkany abdan okunuchtuu))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан