Бүгүн, 3-мартта Бишкектеги "Балажан" борборунда 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата балдардын колунан жаралган “Эң сүйүктүүм” аттуу сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага жашы 3төн 15ке чейинки жаш сүрөтчүлөрдүн 100дөн ашык эмгектери коюлган. Сүрөттөр граттаж, акварель, атайын бор, гуашь менен тартылды. Көргөзмөгө коюлган эмгектердин арасында көптөгөн сынактардын жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү илинген.
Ачылыш аземи оюн-зооктор менен коштолуп, куттуктоо сөздөрү жаңырды. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Кытайда өткөн “Илим, дүйнө жана достук” аттуу 4-Эл аралык искусство жумалыгынын жеңүүчүлөрү сертификаттар менен сыйланышты.