Чек арадан тууганынын паспорту менен өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын "Ак-Жол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү аталган көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген жаран токтотулган. Текшерүү иштеринин натыйжасында паспорт кармалган адамдын тууганына таандык экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан