Жайыл районунда каракчылыкка шектелип мурда соттолгон 26 жаштагы жигит кармалды

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда каракчылыкка шектелип мурда соттолгон 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү аймактык РИИБге арыз менен Кара-Балта шаарынын 25 жаштагы тургуну кайрылган. Ал белгисиз адам күйөөсүн ур-токмокко алып, 4 миң сом акчасын алып кеткенин айткан. Бул факт боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Кара-Балта шаарынын мурда соттолгон 26 жаштагы тургуну кармалды. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан