Жылнаама, 4-март: Мындан 179 жыл мурун Мичиган көлүнүн боюнда орун алган 3 миң калкы бар Чикаго порту шаар макамын алган

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы өлкөбүздүн мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевге кылмыш иши козголгон. Экс-министр "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталган. Чыңгысбек Узакбаев министр болуп турганда өзүнүн бир тууганы С.Узакбаев жетектеген “Бапа” дыйкан чарбасына мыйзамсыз түрдө 419 миң доллар насыя берүү үчүн кол алдындагыларга буйрук бергени айтылган. Аталган дыйкан чарбасы насыя алуучуларга тийиштүү болгон талаптарга жооп берген эмес.

* Мындан 179 жыл мурун, 1837-жылы Мичиган көлүнүн боюнда орун алган Чикаго порту шаар макамын алган. Ал убакта шаар калкынын саны 3 миң адамга араң жетсе, 1850-жылы Чикагодо 30 миң адам жашаган. Өткөн кылымдын соңунда шаар өнөр жай жана каржы борбору катары өлкө экономикасында олуттуу орун ээлеп келген. Жергиликтүү индей калкы "чикаго" деп сасыган жерди атаган. Мындан улам XX кылымдын ортосуна чейин шаар өнөр жай калдыктары менен ыштын чордону катары индейлер айткан аталышты иш жүзүндө аныктап келген. Кийин Америка шаарларынын арасынан Чикаго биринчи болуп экологиялык реконструкцияны ийгиликтүү иш жүзүнө ашырган.

* Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы Конгонун борбору Браззавиль шаарындагы "Режиман блинд" аскердик базасында ок-дары сакталган кампа өрттөнүп, жарылып кеткен. Бул шаардын көп жеринде да өрттүн чыгышына алып келген. 300 киши каза болуп, 1340 адам ар кандай жаракат алган.

* Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы Орусияда президенттик шайлоо болуп, шайлоонун биринчи турунда эле 63,6 пайыз добуш менен Владимир Путин жеңип чыгып, президенттигинин үчүнчү мөөнөтүнө шайланган. Ал эми 2012-жылдын 7-майынан тартып расмий түрдө Орусиянын президенти катары ишин баштаган.

4-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан