"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө
Кабыл алынган чечимге ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары 18-марттан 22-мартка чейин шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Апта башынан бери "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары да жер-жерлерди кыдырып, калктын көйгөйлөрү менен таанышууда. Депутат Өмүрбек Текебаев төрага Асылбек Жээнбеков башында турган депутаттык топ менен бирге Нарын облусунда болду. Анда мугалимдердин маянасы, таза суу, жер, кредиттик компаниялардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү көптөгөн даттануулар айтылды. Ал эми эл өкүлү Асия Сасыкбаева 19-мартта Кемин районунда жана Бишкек шаарындагы Асанбай кичи районунда болду. Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн районунун жашоочуларынын сунуш-пикирлерин депутат Бакыт Калмаматов угууда. Анда айтылган бардык көйгөйлөр Жогорку Кеңештин комитет, фракция жана жалпы жыйынында көтөрүлмөкчү.