Бишкектеги кафелердин биринин жанынан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан саат 10:00 чамасында борбордогу кафелердин биринин жанынан баңгизат менен Ж.Б. аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Тинтүү жүргүзүлгөн учурда шымынын оң чөнтөгүнөн 22 граммдан ашуун гашиш табылган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.