Чүй облусунун Сокулук районунда бир нече тоноочулук фактысына катыштыгы бар 2 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү милицияга арыз менен А.Э. аттуу Сокулук районунун тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар 2 оор жүк ташуучу унаанын аккумуляторлорун чыгарып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Киров айылынын 19 жаштагы Г.А. жана Шопоков шаарынын 19 жаштагы Г.В. аттуу тургундары кармалышкан. Учурда алардын бул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталып, иликтөө иштери улантылууда.