"Энекем менин бейишим-2016" аттуу кайрымдуулук долбоору өткөрүлүүдө

Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарында апалардын эл аралык майрамын утурлай “Энекем менин бейишим – 2016” аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 3-март күнү Бишкек жана Чүй облусунан каттоого турган томолой жана жарым-жартылай жетим балдарга, ошондой эле аларды багып алган апаларына майрамдык салтанат уюштурулду. Буга КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, Катар мамлекетинин КРдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммед бин Арар аль-Наими жана Саид Баюми катышты. Долбоор томолой жетим жана кароосуз балдарды баккан турмуш шарты оор апаларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү, атасыз чоңоюп жаткан өспүрүмдөргө жагымдуу маанай тартуулоо максатында өткөрүлүүдө. Бүгүнкү иш-чарада 30 апа “Мээримдүү эне” номинациясы менен сыйланып, атайын белектерге ээ болду. 700дөй балага 4 миң сомдон кезектеги жөлөк пул, таттуу белектер берилди.

"Тагдырдын оор сыноосу менен атадан эрте ажыраган өспүрүмдөр жакшы жашоо кечирүүлөрү үчүн аларга аяр мамиле жана жакындан колдоо көрсөтүү, алардын кам көрүүчүлөрүнө (опекун) моралдык жана материалдык жардам берүү - ассамблеянын башкы максаттарынын бири",- деп белгиледи Саид Баюми.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 2000ге чукул атасыз бала ай сайын 1700 сомдон жөлөк пул, окуу куралдарын, жайкы жана кышкы кийимдерин алып турат. Маалыматка ылайык, аталган кайрымдуулук долбоору алгач Ысык-Көл, Нарын облустарында уюштурулуп, 20дан ашуун энеге материалдык жардам көрсөтүлгөн. Долбоор март айынын аягына чейин Токтогул, Өзгөн, Кызыл-Кыя, Баткен, Исфана сыяктуу республиканын бир топ аймактарында өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан