Жалал-Абад ОИИБи, Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында бир катар алдамчылыкка шектүү адам кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, О.А. жарандарды алдоо жолу менен алардан ири суммадагы акча алып жүргөн. Белгилей кетсек, 2015-жылдын май айында айыпкер О.А. Сузак районунун К.Т. аттуу тургунун "токой чарбага токойчу кылып жумушка орноштуруп берем" деп алдап, 4500 сом акчасын алып койгон.
2016-жылдын январь айында О.А. Сузак районунун К.Ж. аттуу тургунунан "Сузак районунан жер тилкесин алып берем" деп алдоо жолу менен 130 миң сом акча талап кылган. Азыркы учурда айыпкердин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча эки жаран арыз менен кайрылып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.