ЭЛДИК КАБАР: Кадамжайдагы Үч-Коргон айылында Портер үлгүсүндөгү унаа кырсыктап, 2 адам каза болду

Кечээ, 3-мартта Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында Портер үлгүсүндөгү унаа кырсыктап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу окурман бүгүн, 4-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Портер үлгүсүндөгү унаа бирөөнүн үйүнүн дубалын сүзүп, ичиндеги 4 баланын экөөсү каза болду",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кадамжайда Портер дубал сүзүп, 2 бала каза болду (Нерви жукаларга сунушталбайт)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
akzuura
2016-03-04 08:42:55
Жаман болуптур.
Кошунам болуш керек кечинде апам айткан 99-жылгы Айдар уч коргондо авария болуп каза болуптур деп .
Жаткан жери жайлуу болсун(((
+5
kirgizstan
2016-03-04 10:22:00
akzuura, айтып койчу кайсыл айылдан ким дегендер экен
+1
akzuura
2016-03-04 10:56:22
kirgizstan,мурда кара жыгачта жашашкан анан кара дөбө деген айылга көчүп кетишкен атасы жаныбек деген киши,эжеси бар айпери нурсултан деген!каза болгон инии быйыл 11-кл экен аты Айдар эмес экее мен алмаштырып алыпмын
+1
Uson.karaev
2016-03-04 08:56:56
кимдер экен билгендер жазып койгула
+1
kirgizstan
2016-03-04 10:12:34
Жаман болуптур кимдер болду экен. Билгендер болсо жазып койгулачы
+1
Tenirova
2016-03-04 10:40:13
11-класстын окуучулары Арпасай айылынан болушат.
+1
akzuura
2016-03-04 10:59:13
Tenirova,сиз айткан башка балдар болсо керек
+1
Zubi91
2016-03-04 11:03:16
жаткан жери жайлуу болсун кудай сактасын мындай кырсыктан
+4
a.m.akmoldoev
2016-03-04 13:46:08
кырсыктардан АЛЛАХЫМ озу сактасын
+4
Medina87
2016-03-04 14:26:25
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
GORDIY.KG
2016-03-04 16:00:43
Айдашты билбегендер кырсыктаганго ээ. жаман боулптур ата энесине.
+2
murat_12
2016-03-04 18:54:45
правасы бар бекен
0
Tenirova
2016-03-04 22:43:59
ошолор болсо керек уйго кирип кетиптир дешти эле
-1
Boldukan86
2016-03-05 01:23:18
Аллах озу сактасын ким болсода. мусулманчылыкта жаман айтпагыла олгонго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан