Бишкекте өтүп жаткан "Аялдар зомбулукка каршы!" акциясында күч түзүмдөрүндө реформа жасалышы керек экени айтылды

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо борбору тарабынан уюштурулган “Аялдар зомбулукка каршы!” аттуу акция өтүп жатат. 2 саатка пландалган акцияны уюштурууга өлкөдөгү сот системинин жана укук коргоо органдарынын айрым аракеттери, адилетсиз чечимдер жана бийликтин кайдыгер мамилеси түрткү болгон.

“Коомдо аялдардын укуктары тебеленип, аларга карата зордуктоо, зомбулук көрсөтүү, ала качуу сыяктуу көрүнүштөр артып жатат. Биз күн сайын аялдардын кордолгону тууралуу жаңылыктарды угуп, унчукпай коё албайбыз. Бизде көп тармакта реформа жүргүзүү керек. Азыркы системге ишеним жок. Бардык тармактарда реформа жүргүзүү керек",- дейт уюштуруучулардын бири Төлөкан Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан