Ош облусунда дин кызматкерлери ислам баалуулуктарына арналган тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүшөт

Ош облусунда дин кызматкерлери ислам баалуулуктарына арналган тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, облус казысы Самидин кары Атабаев Тарых жана маданият жылына карата райондун башкы имамдарына жана диний окуу жайлардын жетекчилерине атайын тапшырмаларды берди. Ага ылайык, облустагы ар бир дин кызматкери чыгармачылык изденүүсүнө жараша облус аймагында ислам баалуулуктарына байланыштуу маалыматтарды изилдеп, өз алдынча изилдөө макалаларын жазуусу зарыл. Облус казысы: "Мындай аракеттин жыйынтыгында кыргыз элинин тарыхындагы исламдын орду эбегейсиз чоң экенине дагы бир жолу ынанабыз",- деди.

Эскерте кетсек, аталган иш-чаранын жүрүшүндө дин кызматкерлери облус аймагындагы тарыхый жайлар менен жеринде таанышып, динге байланышкан маалыматтарды тарыхчылар, карыялар жана дин аалымдары менен пикирлешүү аркылуу чогултушмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан