Бишкек милициясы: "Ишкер Нарынбек Сариев документ уурдоо боюнча аялынын үстүнөн арыз жазган эмес"

Жеке ишкер Нарынбек Сариевдин жубайы Анара Сариеванын үстүнөн “сейфтен документтерди уурдап кетти” деп жазган арызы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына түшкөн эмес. Бул тууралуу 4-мартта SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ал эми учурда Анара Сариеванын жолдошунан 5000 доллар пара алып кармалганы боюнча териштирүүлөр жүрүп жатканын билдирди мекеме.

Эскерте кетсек, жакында ишкер Нарынбек Сариев аялы Анара Сариеванын үстүнөн Октябрь РИИБине арыз менен кайрылганын айткан. Анда аялы белгисиз бир адамдын коштоосунда үйүнө кирип сейфтеги документтерди уурдап кеткенин маалымдаган. Ошондой эле 2015-жылдын декабрь айында ишкер аялынын үстүнөн “коркутуу жолу менен мүлкүн өзүнө өткөрүп берүүсүн талап кылып жатат” деген арызы менен да кайрылган. Натыйжада Анара Сариева жолдошунан 5000 доллар алып жаткан жеринен кармалганы, бирок милдеттенменин негизинде шектүүнү коё беришкени кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurtilek001
2016-03-04 17:41:46
Ушундай да болмок беле куйоосунон пара алды деп аялын кармаган,балдары учун бериш керек да,деги бул адам бир уй-булону эптей албаса кантип компания тузуп жетекчи болуп иштеп журот экен кызык.
+2
mirbek2211
2016-03-05 02:00:34
Кимисине ишенүүнү билбейсинго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан