Бишкек шаарында "кафелердин биринен кыздын акчасын күч колдонуу менен тартып алган" деген шек менен шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен К.Чолпон аттуу кыз кайрылган. Ал борбордогу кафелердин биринен Салават аттуу жигит күч колдонуу менен 2 миң сом акчасын тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын Б.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.