"Акыркы 5 жылда өлкөдө ар бир 25-аял сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка кабылган" дешет активисттер

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо борбору тарабынан уюштурулган “Аялдар зомбулукка каршы!” аттуу акция өтүп жатат. Акциянын уюштуруучулары сот системи жана укук коргоо органдарына ишеним азайганын, адилетсиз чечимдер болуп, бийлик тараптан кайдыгерлик болуп жатканын айтышууда. Буга катар алар элди коомдук коопсуздук боюнча эл аралык изилдөөнүн жыйынтыктары, атайын көрсөткүчтөр менен тааныштырууда.

Алардын айтымында, акыркы 5 жылда сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулукка өлкөдөгү ар бир 25-аял кабылган. Аларга зомбулук көрсөткөндөрдүн үчтөн бири бейтааныш адамдар. Жабырлануучулардын үчтөн бири гана милицияга кайрылып, чара көрүүнү суранган.

Өлкөдөгү аялдардын 5 пайызы ала качууга кабылган. Алардын 88,1 пайызы милицияга кайрылбай, тагдыр деп тааныш эмес адамдар менен жашап калууга мажбур болгон.

"Ишкер Алкановду өлтүрүүгө аракет кылышкан" делген кыздар Жогорку Соттун чечимине нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salam.kyrgyzstan
2016-03-08 02:48:43
антип ар бир 25-аял дебей так маалымат менен суйлосонор боло.Анда тазасы аз еле калгангоо деп уй булолуулор да аялынан падазрение кылып калышпайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан