3-март күнү саат 16:45те Аламүдүн районунда ГЭС-3 көлмөсүнө 1973-жылы туулган М.Шадиев аттуу жаран чөгүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок таба алышпаганын аталган министрликтин маалымат кызматынан 4-мартта билдиришти.
Кечээ кеч болуп кеткендиктен, издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн улантылмакчы.