3-март күнү Кемин районуна караштуу Быстровка шаар тибиндеги айылынан чек ара режимин бузган жаран кармалды. Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстанга өтүүгө аракеттенип жаткан. Бул тууралуу 4-март күнү Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, кармалган жарандын жанында өздүгүн аныктаган документтер болгон эмес. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал ИИМдин аймактык кызматкерлерине өткөрүлгөн.