Борбордо пара алып жаткан учурда жүрөгү кармап каза болгон кызматкердин үстүнөн арыз жазган жабырлануучу 2010-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта маркум Абдыкерим Гапаровдун үй-бүлөсүнүн жактоочусу Нооманжан Аркабаев билдирди.
"А.Гапаровдун үстүнөн "пара талап кылган" деп арыз жазган 1987-жылы туулган Вячеслав Епифанов өлкө аймагынан 6 жыл мурун чыгып кеткенин аныктадык. Териштирүү иштеринин алкагында аталган жаран эч жакка арыз менен кайрылбагандыгы жана ал медициналык академиядан жер сурабагандыгы аныкталды”, - деди Аркабаев.