Президент Алмазбек Атамбаев 24-март окуясынын 8 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Президент Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-март окуясынын 8 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Кайрылуунун мазмуну төмөндөгүдөй: “Урматтуу мекендештер!

2005-жылдын 24-мартындагы окуялардын эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өз орду бар. Мындан сегиз жыл мурда элибиз адилеттүүлүк, эркиндик, Мекендин жаркын келечеги үчүн, өлкөдөгү үй-бүлөлүк-кландык башкарууга чекит коюу максатында күрөшкө көтөрүлгөн. Ошол күндөрү элибиз Кыргызстанда эми жакшы жашоо орнойт деп чоң үмүт, зор ишеним менен жашап жатты. Эски режим биротоло жоюлуп, өлкөбүз бутуна туруп, демократиянын жолуна түшөт деп үмүттөнгөн. Тилекке каршы, арадан бир аз гана убакыт өткөн соң элдин тилеги акталбай, тескерисинче, жеңиши уурдалып, кызыкчылыктары сатылып, мурдагыдан ашып түшкөн үй-бүлөлүк-кландык режим орноду. Калктын ишеними тебеленип-тепселди.

 

Эгерде 2005-жылы айрым бир адамдар жеке бийлиги жана байлык үчүн мамлекеттин, элдин кызыкчылыктарына чыккынчылык кылбаганда, өлкөбүз бүгүн таптакыр башкача болмок. Ушул жылдардын аралыгында Кыргызстан өзгөрүп, бутуна бекем туруп, жарандарына татыктуу жашоону камсыз кыла алмак. 2010-жылдын апрелиндеги жоготуулар, июнундагы трагедия болмок эмес. Бийликте отурган канкорлордун колунан көптөгөн адамдар курман болмок эмес. Бирок, тескерисинче, Бакиевдер тактыга келер замат бийлик криминал менен коюн-колтук алышты. Анын ачык далили – Башкы прокуратура март көтөрүлүшүнөн кийин дароо криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевди актап, биротоло бошотуп жиберген. Өлкөдөгү алгачкы саясий өлтүрүүлөр анын ысымы менен байланыштуу экендиги эми ачык болду.

 

Ардактуу кыргызстандыктар! Аксыдагы жана 2005-жылдын мартындагы окуялар элибиздин кайраттуулугун, акылмандыгын, эрдигин көрсөттү. Элдин ушул касиеттери эгемендигибизди сактап калууга, биримдигибизди бекемдөөгө негиз болуп турат. 2005-жылы элдин кызыкчылыктарын сатып кеткендер учурда бийликке кайра келүүгө акыркы аракеттерин көрүп жатышат. Бирок Кыргызстандын эли бузукуларга 2005- жылдагыдай дагы бир ирет элдин жеңишин уурдаганга, кайрадан чыккынчылык кылганга жол бербейт. Эл өз жеңишин колдон чыгарбайт. Биз 2005-жылдын март күндөрүн эч качан унутпайбыз! Элдик көтөрүлүштүн жылдыгы элдин жеңишин жеке кызыкчылыктарына пайдалансам дегендер көп экендигин көрсөтүп турат. Ошондуктан элдин жеңишин көздүн карегиндей сактоого тийишпиз. Биз элибиздин жеңишин сактап калууга милдеттүүбүз.

 

Бүгүн биздин алдыбызда 2005-жылдын мартындагы, 2010-жылдын апрелиндеги мекендештерибиздин тилегин ишке ашыруу милдети турат. Биз жаңы Кыргызстан курууга тийишпиз. Эмгектенгиси келген ар бир адам өзүнө жумуш таап, үй-бүлөсүн багып, балдарын бутуна тургуза ала тургандай кылышыбыз керек. Ар бир адам улутуна, динине, туулган жерине, социалдык ал-акыбалына карабастан, өзүн толук кандуу кыргыз жараны экендигин сезгендей кылуу зарыл. Биздин түпкү максатыбыз – демократиялуу жана гүлдөгөн Кыргызстанды куруу. Өлкөдө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу. Ынтымакта болсок, максатыбызга жетерибиз шексиз. Ар бирибиз сыймыктана турган өлкө, жаңы Кыргызстан курууга милдеттүүбүз!”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан