Балыкчы шаарында кызмат өтөп жаткан жоокер өз бутуна атып жиберген. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 4-мартта Балыкчы шаарынын Аскер прокуратурасынан билдиришти.
Маалым болгондой, 20 жаштагы жоокер Муртас Кыязов 2-март күнү болжол менен саат 19:30да өзүнүн сол бутунун булчуңуна ок чыгарып жиберип, ооруканага жеткирилген. Аскер бул жоругун үйүн сагынып, ооруканада жаткан апасына баргысы келгени менен түшүндүргөн. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ал кайрадан аскер бөлүмүнө жеткирилген. Аскер буга чейин маселени түшүндүрүп аскер бөлүмүнүн жетекчилеринен суранган, бирок аны бир канча убакыт күтүп туруусун айтышкандыктан ушул ишке барганы кабарланды.