Нарын шаарындагы "Алтын балалык" бала бакчасынын жетекчилиги баласын майрамдык кечеге ылайык кийинтип келбеген энени басмырлоо болбогонун 4-мартта SUPER.KG`ге билдирди.
Мекеме башчысы Нургүл Байбосова: "Энени басмырлоо болгон жок. Бүгүн майрамдык кечеге баласы өтүкчөн келиптир. Тарбиячысы акырын эле "жеңилирээк бут кийим кийгизип койсоңуз болмок экен" десе эле апасы кыйкырып кириптир. Эшиктен ыйлап чыгып баратканын көрүп, токтотуп алып сүйлөштүм. Тарбиячы менен жеке таарынычтары барбы билбейм, болбой эле "прокуратурага кайрылам" деп кеп-сөзгө келбей койду. Тарбиячы деле майрамдык кечеде баласына ыңгайлуу кийим болсун деди да. Келин менен кайра сүйлөшүп, маселени чечебиз",- деп билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен окурман кайрылып, бала бакчанын кызматкери баласын майрамдык кечеге ылайык кийинтип келбегени үчүн жалгыз бой энени урушуп, балдарын мекемеден чыгарууну талап кылганын "Элдик кабарга" маалымдаган эле.