"Атам каза болгон күнү капчыгындагы акчалары жана бир катар документтери жоголгон". Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-мартта маркум А.Гапаровдун уулу Адылбек Гапаров билдирди.
“Ал окуя болгон күнү атам менен апам кечинде тойго барышмак. Эртең менен атам жумушка баратып 300 доллар алып кеткен, андан сырткары анын жанында дайыма 10 миң сомдун тегерегинде акча болчу. Атамды “пара” менен кармагандар ал каза болгондон кийин чөнтөгүндөгү акчаларын, документтерин да алып кетишкен.
Саат 17:00гө жакын атамдын каза болгонун угарым менен анын жумушуна жөнөдүм. 17:30 чамасында иш бөлмөсүнө кирип барсам, ал жансыз абалда, кийим-кечеси айрылып жерде жатыптыр. Коридордо жана бөлмөнүн ичинде кесиптештери ыйлап жүрүшкөнүн билем. Ал өзү каза болдубу, буга башка себептер барбы же ошол абалга жеткирдиби белгисиз болуп жатат”,- деди Адылбек Гапаров.
Анын айтымында, атасынын денесинен бир нече көк ала тактар табылган. "Бул атам кыйналып, алышып жатып жан бергендигинен кабар берет",- деп кошумчалады маркумдун уулу.