Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Бостери айылынын тургундары таштандыга байланышкан маселени көтөрүп жатышат. Бул айылда 4 гектар аймакты ээлеп жаткан таштанды жайы бар. Активисттер таштандыны айыл четиндеги дачалардан ары кем дегенде 5 чакырым алыс көчүрүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы бул маселени чечүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Комиссия көтөрүлүп жаткан маселенин жөндүү экенин текшерүү иштеринен кийин түшүнүп, аны көчүрүү же жабуу боюнча чечим кабыл алган. Көчүрүү мүмкүн эмес экени белгилүү болгон соң, комиссия таштандыны 80-90 которуу, категориясын өзгөртүү сунуштарын берген.
Айыл тургундары буга макул болушкан эмес, себеби алар таштандынын айынан туристтик бизнестен кол жууп калып жатышканын айтышкан. Эгер мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлбөсө, бостериликтер II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп жаткан маалда иш таштоого баруу тууралуу чечим кабыл алышарын айтышат.