Бүгүн, 4-мартта Бишкектеги Тарых музейинде “Гүлдөр дүйнөсү” аттуу декоративдик бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмө-жарманкеси ачылды. Иш-чаранын уюштуруучусу Анна Печерееванын айтымында, мындай иш-чара жылына 4 жолу уюштурулуп, 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Ага быйыл 14 гүл өстүрүүчү катышууда.
“Көргөзмө-жарманке 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата өтүп жатат. Мындай кооз гүлдөрдү элге көрсөтүү менен майрамдык маанайды пайда кылууну көздөдүк. Декоративдик гүлдөр айымдар үчүн мыкты белек десек болот. Балким, бүгүн гүл сатып алган адам, эртең өзү гүл өстүрүүчүгө айланып, аны сүйүктүү иши кылып алат. Айта кетсек, гүлдөрдүн баалары дүкөндөгүдөн арзан, анткени ортомчуларсыз сатылып жатат”,- деди Печереева.
Көргөзмө-жарманке 8-мартка чейин уланат.