Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү ӨКМнын кызматкерлери менен жолугушту

22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Т.Темиралиев баштаган Бишкек жана Ош шаарларындагы министрликтин башкармалыктарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын түштүк аймагы боюнча өкүлү Алмагүл Тилекманованын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Тилекманова жер-жерлерде мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча бир канча иш-чаралар жасалып жаткандыгына токтолду. 1-апрелден баштап иш-кагаздары толук кандуу мамлекеттик тилге өтөрүн белгилеп, мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин ынтызарлык менен үйрөнүүгө чакырды. Ошондой эле иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө байланышкан акыркы усулдук колдонмолор менен тааныштырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан