Бишкектеги гимназиялардын биринен курулуш материалдары уурдалды. Бул тууралуу 4-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 15-февраль күнү борбордогу гимназиялардын биринен 20 комплект курулуш материалдары уурдалган. Уурдалган материалдардын баасы 90 миң сомго бааланган. Аталган факт боюнча уурулукка шектелгендер изделип, Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну кармалды.