Бишкекте МАИчилер айдоочу айымдарды токтотуп, майрамдык маанай тартуулашты. Бири күлсө, экинчиси ыйлады...

4-мартта баш калаадагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери (жаңы аталышы - патрулдук милиция), шоу жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү айдоочу айымдарды келе жаткан 8-Март майрамы менен куттукташты.

Рулду башкарган айымдарды жол-кайгуул кызматкери токтоткон учурда алардын кабактары бүркөлүп, эмне себептен токтотулгандарын түшүнбөй жатышты. Алар жол эрежесин бузгандыгы үчүн эмес, белек тапшыруу үчүн токтотулгандарын уккандарында жылмаюулары пайда болуп, ыраазычылыктарын билдиришти. Айдоочу айымдар фотоаппараттардын сүрүнөн коркушту көрүнөт, көбү беттерин жаап, “Мен эмне кылдым? Тартпагыла!” деп кооптонсо, сүйүнүп көзүнө жаш алып рахмат айткандар да болду.

Айдоочу айымдарга көз жоосун алган жоогазындар, таттуу белектер жана жакшы маанай тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Gema
2016-03-04 15:57:15
сонун белектер болуптур)
+8
tabyshmak
2016-03-04 15:58:12
Жок дегенде ушундай жылмаю тартуулаган жагымдуу окуялардын кунумдук турмушубузду коштогонуна Кудайга ыраазычылык...
+9
argen_kg.95
2016-03-04 16:03:52
Lexus rx300 кыз
+3
radyakiz
2016-03-04 16:12:21
Мындай таратаарын билгенде бир площадь жака чыгып келсем болмок экен )))) а то маилерден гул алган кандай болду экен,тоскон сайын акча сураша берип журоктун ушун алып бутту эле.
+10
Nurik.180212
2016-03-05 08:23:33
radyakiz,маичилер сиз правило бузбасаныз тоспойт.7-жылдан бери менда машина айдайм бир жолу тосподу.
+1
89elnura89
2016-03-04 16:17:47
Сонунго
+2
gul.1995
2016-03-04 16:38:48
Мынча жакшы)))
+3
a.m.akmoldoev
2016-03-04 17:07:25
Айымдардын келе жаткан майрамы менен чын журоктон кутуктайм.
+3
aydarov...
2016-03-04 17:39:37
Иштен кетерде байкуштар
+2
Musabaeva
2016-03-04 17:45:39
Хм жок дегенде мага окшогон жоо жургунчуго деле, бир мент токтотуп бииир эле гул берип койгондо)))) а сонун болмок;-)
+10
macho-m90
2016-03-04 17:52:45
жакшы кетеринде бир жакшы подарок кылып калалы дептир да майрамыныздар менен апалар эже карындаштар бар болгула!
+1
zhumagul89
2016-03-04 19:42:21
Ииий мынча жакшыыыы
0
jankoy
2016-03-04 20:59:17
Соонун сюрприз болуптур,азаматсынар!ар дайым жакшы жанылыктар боло берсин жагымдуу
+2
ImranChik
2016-03-04 21:26:15
23 феврвлда эркектер учун эштеке кылышпайко . бардык токтоткон шафёрлерге бирден кыз берсе жакшы болмок. уйлонбогондор уйлонуп алат эле ))))
+2
tursunai98
2016-03-04 21:42:14
мынча соонун майрамыныздар м.н апалар эже синдилер
+2
GULZAT.83
2016-03-06 20:48:16
рахмаат МАИчилерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан