ИИМдин баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМКнын коррупцияга каршы агенттигинин кызматкерлери тарабынан КРнын ИИМинин баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Түштүк башкармалыгынын жетекчиси, полковник Э.Кудайбердиев жана штаттан сырткары иштеген кызматкери М.Махаматжанов пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу КРнын УКМКсынын коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты. Аталгандар кызматтык абалынан пайдаланып, баңгизатын мыйзамсыз сатып колго түшүп калган Ош шаарынын жаранынан 15 миң доллар акча өндүрмөкчү болушкан. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 304үнчү (Кызматтык абалынан пайдалануу), 305инчи (Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) жана 313-беренелери (Пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан