Бишкекте Баатыр энелерди, ооруктун ардагерлерин жана активист айымдарды 8-Март майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Биринчи Май райондук акимчилиги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында 650 айымды 8-Март майрамы менен куттуктады. Кече ээлерине эстрада жылдыздарынын катышуусу менен майрамдык концерт тартууланып, акчалай сыйлыктар тапшырылды.