2016-жылдын 4-мартынан 6-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Жогорудагы шашылыш эскертүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди, уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүүлөр жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.