Студенттер жана окуучулар арасында уюштурулган "Сен сүйгөн кыргыз макалы" аттуу сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия студенттер жана окуучулар арасында уюштурган "Сен сүйгөн кыргыз макалы" аттуу эссе жазуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы сынактын жеңүүчүлөрүн жана мугалимдерин куттуктап, жигердүүлүк менен бир нече баскычтардан өтүп, республикалык сынакка катышкан окуучулардын, студенттердин эмгегин жогору баалады. Калыстар тобунун мүчөлөрү бир ооздон катышуучуларга мындан аркы дагы ийгиликтерди каалоо менен сөздүн гүлү болгон макал-лакаптардын маанисин терең түшүнүп, жашоодо колдоно билүү туура жолго түшүүгө өбөлгө болорун белгилешти. Сынактын жеңүүчүлөрү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын дипломдору жана баалуу китептери менен сыйланышты. Ал эми жеңүүчүлөрдүн эсселери басма сөз каражаттары аркылуу жарыяланмакчы.

Эске сала кетсек, баш байгеге Адилет Медербек уулу, 1-орунга Даткайым Кабылбекова ээ болушкан. Жогорку окуу жайлар боюнча 1-орунду Өмүргүл Канатбек кызы алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан