Билл Гейтстин байлыгы бир жыл аралыгында 4,2 миллиард долларга азайса да, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң бай адам бойдон калды

Америкалык "Forbes" басылмасы жыл жыйынтыгын чыгарып, дүйнөдөгү эң бай адамдарды атады. "Microsoft" ("Майкрософт") компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 75 миллиард доллары менен дагы бир ирет "Дүйнөдөгү эң бай адам" деп табылды. Бул тууралуу басылма 1-мартта жазып чыкты.

"Бир жыл аралыгында 60 жаштагы Гейтстин байлыгы 4,2 миллиард долларга азайды, бирок ага карабай ал эң бай адамдардын сап башында турат. Акыркы 22 жыл аралыгында Билл Гейтс 17 жолу "Эң бай адам" деп аталды",- деп жазылат маалыматта. Экинчи орунда "Inditex" (ред. Zara, Massimo Dutti фирмалык бренддери) компаниясынын негиздөөчүсү - испан миллиардери Амансио Ортега. Анын байлыгы 67 миллиард долларды түзөт. Алдынкы үчтүктү америкалык инвестор Уоррен Баффетт 60,8 миллиард доллары менен толуктады. Ал эми Faсebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 44,6 миллиард доллар байлыгы менен 6-орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
a.m.akmoldoev
2016-03-04 17:03:43
Faсebook
социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк
Цукерберг аябай жонокой миллиардер
+4
bolotbai3
2016-03-04 17:30:20
a.m.akmoldoev, туура айтасын абдан жонокой адам,фит автомашинеси менен журот ар дайым.
+5
Futuro
2016-03-04 17:37:46
Цукербергте мотерялдык жана моралдык да байлык бар.
0
elchi84
2016-03-04 17:42:42
Булардын бироосун биз президент кылып шайлап алышыбыз керек.Карыздарыбыздан кутулуп байып кетет болчук.
+4
aikokul14
2016-03-04 18:14:19
elchi84,аларды шайласан кыргыз деген атынын очкону ошол.
-2
murat_12
2016-03-04 18:15:01
биронун байлыгы менен ишинер не экен а? Алма пыш озума туш девей силерда аракет кылгыла бирону сындаштан 5синер
-1
Aktilek1994
2016-03-04 18:32:57
Дүйнөдөгү эң бай адам бул мен. Анткени, таң эрте багымдат намазын калтырбайм. Пайгамбарыбыз айткан: Багымдаттын 2 рекет сунна намазы, бул дүйнөдөгү баардык нерседен жакшы"-деп.
+7
Seyitira8186
2016-03-04 18:49:52
БАЙ ХАНГА.ХАН КУДАЙГА жетем дейт деген макал бар беле.булардын байлыгы биздин байлыктарга жетпейт.биздин Ислам динибиз бар.Ислам дини эки дуйнолук бакыт.Алла таалам баардыгыбыздын журогубузго ыйман деген байлыкты моол берсин.Амииин
+5
alievna.1989
2016-03-04 19:43:58
Беш убак намаз окуп,Кудайдын жолунда жургондорду коруп эле журобуз адам олтуруп,уурулук кылып дегендей
-1
Azikko
2016-03-04 22:17:32
Форбс журналы жалан эле Америкалык байларды жазганбы,Араб олколорундо деле байлар толтура болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан