Борбордо бир катар уурулук фактыларына шектелип 54 жаштагы киши кармалды

Борбордо бир катар уурулук фактыларына шектелип 54 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы К.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 23:10 чамасында белгисиз адам анын Субару үлгүсүндөгү унаасынын мамлекеттик номурун чыгарып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 54 жаштагы М.В. аттуу шаар тургуну кармалган. Аталган жарандын башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан