ЭЛДИК КАБАР: Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 8-Март майрамына карата "Кочкор-Ата периси-2016" сынагы өттү

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэриясы тарабынан 8-Март - Аялзатынын эл аралык күнүнө карата "Кочкор-Ата периси-2016" сынагы өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Бул сынакка 20-25 жаштагы окуу жайда окуган жана мекемелерде иштеген аялзаты катышты. Анда алдынкы орундарды алгандар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жеңүүчү деп Кочкор-Ата медициналык колледжинин Айжаркын аттуу студенти табылды",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kyrgyziaaaa
2016-03-07 14:43:17
Акырында кочкорка пери болдубу?
+1
dubai
2016-03-08 00:13:55
kyrgyziaaaa,ха-ха-хаа боорду эздин го .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан