Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаментинин жооптуу кызматкери пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, аталган департаменттин кызматкери тийиштүү жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү боюнча шаар тургунунан 22 миң сом акча талап кылган. Кылмышка шектүү жаран ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түштү. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.