Жумгал районунда мас абалында жаранды моюнга бычак менен сайып, анын өлүмүнө себепкер болгон айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Нарын облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2015-жылдын 21-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында болгон. Анда айыпталуучу Ү. Зайырбек уулу мас абалында 37 жаштагы О.М. аттуу жаран менен уруша кетип, аны бычак менен моюнга сайып салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болуп калган.
Аталган кылмыш иши 2015-жылдын 17-декабрында Жумгал райондук сотунда каралып, айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучу өзү биринчи бычак менен сайгандыгын эске алып, жазасын жеңилдетип берүүнү суранган. Иштин ичиндеги материалдар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү изилденип, айыпталуучунун күнөөсү далилденген соң, Жумгал райондук сот айыпкерди 10 жылга эркинен ажыратты.